Латвиянын РТУсу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

2017-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Латвия Республикасынын Рига техникалык университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев жана РТУнун проректору Талис Джуна кол коюшту.

Меморандумдун алкагындагы ишмердүүлүк Кыргызпатент менен РТУнун ортосундагы интеллектуалдык менчикти башкаруу тутумун жакшыртууда, укуктук коргоонун жана интеллектуалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууда, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө коомдук кабарландырууну жогорулатууда, маалымат алмашуу жолу менен кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүдө, технологияларды жана инновацияларды өткөрүп берүү жаатында мүмкүнчүлүктү түзүүдө эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө багытталат.

Бул Меморандумдун алкагында Кыргызпатент менен РТУ кызматташуу боюнча ар жылдык планга кол коюшат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.