Кыргызпатенттин статс-катчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, статс-катчылардын иштеринин рейтингинде жогорку жетишкендиктери үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык буйрукка кол койду.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Ташиев Жапаркул Актаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абаскановичке,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланды.

 

КР Өкмөтүнүн сайтынан: http://www.gov.kg/?p=96330

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.