Ысык-Көл мамлекеттик университетинде автордук жана чектеш укуктарды коргоо боюнча семинар болуп өттү

2017-жылдын 2-июнунда Каракол шаарындагы ЫМУнун конференц-залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетиндеги профессордук-окутуучулук курамы үчүн “Кыргыз Республикасындагы автордук жана чектеш укуктар объектилерин коргоо” темасында  семинар өткөрдү.

Семинардын максаты болуп, жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына автордук жана чектеш укуктар жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана автордук жана чектеш укуктар жаатындагы келишимдер, эл аралык макулдашуулар, Кыргызпатентке автордук жана чектеш укуктар объектилерин каттоого өтүнмө берүүдөукук ээлерине, авторлорго кызмат көрсөтүү боюнча Кыргызпатенттин иш практикасы укук ээлеринин жана авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча иш тажрыйбалар, ошондой эле автордук жана чектеш укук объектилерин коргоо боюнчамаалыматсерептерименен тааныштыруу саналды.

Семинардын аягында ЫМУнун профессордук-окутуучулук курамы берилген маалыматтар үчүн Кыргызпатенке ыраазычылык билдирип, мындан ары автордук укуктар сыяктуу, өнөр жай менчик объектилерин коргоо  жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча дагы университеттин окутуучуларына, студенттерине семинарларды, тегерек столдорду  жана факультативдик сабактарды өткөрүү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты улантуу жөнүндө үмүт артканын билдиришти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.