Аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук маселелери боюнча тегерек үстөл болуп өттү

2017-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде (КММИУ) аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук маселелери боюнча тегерек үстөл өткөрдү.

Тегерек үстөлдүн максаты автордук укук коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, аудиовизуалдык  чыгармалардын автордук жана чектеш укуктарын коргоо тутумун толуктоо жолдорун аныктоо болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө кинематография чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, радио-телеберүүлөрдөгү музыкалык чыгармалардын автордук укук коргоо маселелери талкууланды. Аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук келишимдерди жөнгө салуу  тажрыйбасы каралды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, чыгармачыл уюмдардын, жогорку жана атайын-орто окуу жайларынын, телерадиокомпаниялардын, кинотеатрлардын өкүлдөрү, авторлор жана композиторлор катышты.

Тегерек үстөлдүн соңунда автордук жана чектеш укуктар жаатындагы мыйзам базасын жакшыртуу боюнча биргелешкен ишмердикти улантуу сунушталды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.