КМЮАнын студенттери үчүн факультативдик окуулар өткөрүлдү

2017-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) адистери “Автордук укук объектилери жана чыгармаларды каттоо”, “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо ыкмалары” аттуу темасындагы факультативдик окууларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) 3-курсунун студенттери үчүн өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутуму, интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери, автордук жана чектеш укуктар объектилерине өтүнмөлөрдү берүү жана тариздөө эрежелери, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо ыкмалары менен студенттерди тааныштыруу факультативдик окутуулардын максаты болуп саналат.

Каралган темаларга студенттер кызыгуу көрсөтүп, факультативдик окуулардын соңунда интеллектуалдык менчик маселелери боюнча сабактарды улантууну каалагандыктарын билдиришти.

ЖОЖдордо факультативдик окуулар 2017-жылкы Кыргызпатенттин иш планына ылайык өткөрүлүүдө.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.