Кызыл-Кыяда интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

2017-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) адистери Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктук коргоо маселелери боюнча семинар өткөрүштү.

Семинар интеллектуалдык менчик объектилерин жаратуу процессине региондордон жаш адистерди жана студенттерди тартуу максатында өткөрүлдү.

Семинарда Кыргыз Республикасынын өнөр жай менчигинин укуктук коргоо, товардык белгилерди каттоо жана кыргыздын салттуу билимдери боюнча маселелери, ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай менчигине өтүнмөлөрдү берүү тартиби каралып талкууланды.

Иш-чарага Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.