Кыргызпатенттин эксперттери Жалал-Абад мамлекеттик университетинде семинар өткөрдү

2017-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) эксперттери Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) “Кыргыз Республикасынын өнөр жай менчиги объектилеринин укуктук коргоо жана салттуу билимдер маселелери” темасындагы семинар өткөрүштү.

Семинарда Кыргыз Республикасынын товардык белгилерин каттоо маселелери боюнча, салттуу билимдерди укуктук коргоо багыты боюнча, ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү боюнча баяндамалар сунушталды, ошондой эле бардык каралган маселелер боюнча консультациялар берилди.

ЖАМУнун илим боюнча проректору К. Алыбаев каралган темалардын актуалдуулугун белгилеп, келечекте кызматташууну өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Семинарга ойлоп табуучулар, ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы, жаш илимпоздор жана студенттер катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.