Кыргызпатент Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде ТИКБнун филиалын ачты

2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (Кыргызпатентке караштуу ИММФ) Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) филиалын  ачты.

ТИКБнын филиалынын ачылышынын алкагында Кыргызпатентке караштуу ИММФ менен Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду жана “Эл аралык маалымат базасын колдонуу менен патенттик жана патенттик эмес маалыматты издөө” темасындагы тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин профессордук-окутуучу курамы, аспиранттар, студенттер жана ойлоп табуучулар катышты.

Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен ачылган ТИКБ тармагынын ишмердигин түзүүнүн демилгечиси жана координатору болуп Кыргызпатентке караштуу ИММФ саналат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө ТИКБнын 24 филиалы иш алып барууда.

ТИКБ тармагынын түзүүнүн максаты – патенттик жана патенттик эмес маалыматты колдонууда билимге мүмкүндүк алууну жеңилдетүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу.

Коюлган милдеттерди чечүү үчүн борбор төмөндөгү иштерди аткарат:

  •  патенттик маалымат ресурстарына кирүү жана маалымат базаларында издөө жүргүзүүнү окутуу мүмкүндүгүн берет;
  • интеллектуалдык менчик маселелери боюнча университтер конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө  көмөктошөт;
  • интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдар боюнча жалпы маалымат берет.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.