Кыргызпатентте 9-майга карата аскердик кичи-техниканын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 72 жылдыгына карата Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында “Үлгүдөгү техниканын тарыхы” темасындагы стенддик үлгү-көчүрмөлөрдүн көргөзмөсү болуп өттү.

Моделисттер тарабынан өздөрүнүн жеке коллекцияларынан 200 жакын үлгүлөр көрсөтүлдү. Бул самолет-тикучактарынын, танктардын жана зоотмашиналардын, вертолеттордун жана жүк ташыгычтардын ар түрдүү үлгүлөрү.

6-7-майда эки күн бою өткөрүлгөн көргөзмөнү 500дөн ашык адам көрүштү. Бишкектеги стенддик моделизм клубунун демилгечилерине көрүүгө гана эмес, өз колу менен тарыхый кичи-техникалардын үлгүлөрүн чогултууга  мүмкүндүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көрүүчүлөр ушундай иш-чараларды мастер-
класстары менен көбүрөөк өткөрүүнү каалагандыктарын билдиришти.

Көргөзмөнүн максаты өспүрүмдөрдү жана жаштарды  аскердик атуулдук тарбиялоо боюнча иштерди активдештирүү жана ишмердүүлуктүн инженердик-техникалык чөйрөсүндө жаштарды кесипкөйлүк багыттоо болуп саналат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.