Кыргызпатент салтту билимдер көргөзмөсүнө катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)  «Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмө өткөрө тургандыгын  жарыялайт.

 Көргөзмөнүн  максаттары:

– салттуу билимдердин ээлерин табуу;

– мүмкүнчүлүктүү өтүнмө ээлерин тартуу;

– салттуу билимдер боюнча маалыматтар базасын толтуруу.

 Көргөзмө төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

– улуттук ашкана;

– турак-жай жана тиричилик буюмдары;

– материалдык маданият жана декоративдик искусство;

– медицина;

– улуттук оюндар;

– айыл чарбасы.

Көргөзмөнүн катышуучулары болуп  Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары саналат.

Көргөзмөгө катышуу үчүн 2017-жылдын  1-июлуна чейин бекитилген үлгүдөгү өтүнмөнү берүү керек. Өтүнмөлөр  электрондук жана  кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Москва көч., 62, e-mail:   tk.vystavka@patent.kg.

Кененирээк маалыматты www.patent.kg сайтынан же (0312) 68-0476 телефонунан алууга болот.

Салттуу билимди каттоого өтүнмө берген Көргөзмөнүн катышуучулары Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик фонду тарабынан акчалай түрүндө сыйланат.

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүн өткөрүү жөнүндө жобо

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүнө катышууга өтүнмө (жеке жактар үчүн)

«Кыргыздын салттуу билимдери жана ыкмалары» көргөзмөсүнө катышууга өтүнмө (юридикалык жактар үчүн)

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.