Кыргызпатент менен “Алтын Түйүн” РБИТАсынын кызматташуусу

2017-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев “Алтын Түйүн” Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын (РБИТА) 55-жылдыгына арналган “Окуучу жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгынын жана билиминин өнүгүү стратегиясы” Эл аралык илимий-практикалык конференциясында академиянын жамаатын куттуктады.

Өз куттуктоо сөзүндө Досалы Эсеналиев Кыргызпатенттин жалпы жамаатынын атынан “Алтын Түйүн” РБИТАсынын жамаатын акдемиянын түзүлгөндүгүнүн 55-жылдыгы менен куттуктап, бир топ жаш таланттуу балдарды даярдагандыгы, көп жылдык жана кынтыксыз эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Интеллектуалдык менчиктин өнүгүүсүнө, изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердигине, таланттуу жаштарды техникалык чыгармачылыкка тартууда, инженердик-техникалык кадрларды даярдоо аркылуу натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшкөн кызматташууга биз даярбыз”, – деди.

Конференциянын иши пленардык отурумдан башталды, анда Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев “Заманбап доордогу инновациялык ой жүгүртүү жана технологиялар” баяндамасын сунуштады. Кыргызпатенттин “Алтын Түйүн” РБИТАсы менен кызматашуунун негизги учурлары менен катышуучуларды тааныштырып, Д. Эсеналиев инновациялык ой жүгүртүүсү менен чыгармачыл инсанды даярдоо жана аны калыптандыруу жолдорунун заманбап билим берүү тутумуна токтолду.

Конференциянын иши эки пленардык жана үч секциялык отурумдун алкагында өттү.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, мектептик жана кошумча билим берүүнүн илимий жана окутуу уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөнүн ЖОЖдорунун окумуштуулары катышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.