Кыргызпатент “Манас” КТУсунун студенттери үчүн факультативдик окууларды өткөрдү

2017-жылдын 19-апрелинде Интеллектуалдык менчик эл аралык кунүнүн жана Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) автордук жана чектеш укуктарды сактоо жана коргоо маселелери, автордук жана чектеш укуктар объектилерин каттоо эрежелери боюнча факультативдик окутууларды өткөрдү.

Лекциялардын угуучулары “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин II-III-курстарынын студенттери болду.

“Манас” КТУсунун окутуучулары жана студенттери автордук жана чектеш укутар маселелери боюнча кызыккандыгын жана маалымат арттыруучу сабактар үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле мындан ары автордук жана чектеш укуктарын коргоо жана сактоо маселелери боюнча “Манас” КТУсунун гуманитардык факультеттери үчүн да факультативдик сабактарды өткөрүү жөнүндө сунуштар макулдашылды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.