Кыргызпатенттин өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ЖОЖдорунда бир катар жолугушууларды өткөрүштү

2017-жылдын 12-14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин Ош жана Жалал-Абад шаарларына иш-сапары болуп өттү. Курамы: Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын (ИСӨБ) башчысы Ө. Козубаев, инновациялар бөлүмүнүн адиси Н. Асанбеков жана Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектору А. Алымкулов.

Өлкөнүн региондорунда интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында актуалдуу маалыматты жеткирүү максатында, иш-сапардын жүрүшүндө Кыргызпатенттин өкүлдөрү бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

12-апрелде М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) ректору А. Абидов менен жолугушуу болуп өттү. Ошол эле күнү Ө. Козубаев жана Ош мамлекеттик университетинин профессору, физика-математикалык илимдердин доктору Ы. Ташполотов «Ынтымак ТВ» коомдук регионалдык телерадиокомпаниясынын «Чарпалек» телеберүүсүнө катышышты. Телеэфирдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери талкууланды. Ошондой эле «Мыкты инновациялык долбоор – 2017» республикалык конкурсунун максаттары жана милдеттери жөнүндө Ө. Козубаев айтып берди.

13-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАГУ) ректору К. Усенов менен жолугушуу болуп өттү. Күндүн экинчи жарымында Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын «Маанилүү маек» телеберүүсүндө интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси, «Мыкты инновациялык долбоор -2017» конкурсу жөнүндө мазмундуу маек болуп өттү.

ОшТУнун жана ЖАГУнун ректорлору менен жолугушуунун жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды, анын ичинде «Мыкты инновациялык долбоор – 2017» конкурсу жөнүндө сөз жүрдү.

14-апрелде Кыргызпатенттин өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек университетинин (КӨУ) илим боюнча проректору М. Исманов менен жолугушту. Ушул эле күнү КР Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш ресурстары институтунун директору Ж. Арзиев, УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жана ОшТУнун кызматкерлери менен жолугушуулар болуп өттү. Анда тараптар келечекте кызматташууга кызыкдар жана даяр экендигин билдиришти жана интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелери боюнча билимдерди жайылтуу жана «Мыкты инновациялык долбоор -2017» конкурсу жөнүндө талкуулашты.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшТУнун, ЖАГУнун жана КӨУнин студенттери жана профессордук окутуучу курамы үчүн Ө. Козубаев «Инновациялык менеджмент: Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердиктин обзору» жана «Коомдун өнүгүүсундө инновациялык маданияттын ролу жөнүндө» аттуу темадагы презентацияларды тартуулады.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.