«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсунун Уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

2017-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында мекеминин төрагасы Досалы Эсеналиевдин катышуусу менен «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун Уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Ойлоп табуучулар, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун, мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын, Кыргызпатенттин Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү уюштуруу комитетинин мүчөлөрү болуп саналат.

Отурумда Уюштуруу комитет конкурстун шарттарына ылайык тандап алынган төмөнкү номинациялар боюнча: «Акыл табылга», «Интеллектуалдык Өнөктөштүк», «Канатташ», «Келечек жаратманы», «Мыкты бренд» өтүнмөлөрдү карап чыгышты.

Конкурстун максаты – коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү. Конкурстун жеңүүчүлөрү 2017-жылдын 26-апрелинде Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүндө сыйланышат.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.