Кезектеги викторина “Дордой” жаңы конушунун окуучулары үчүн өткөрүлдү

2017-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) кызматкерлери Бишкек шаарынын “Дордой” жаңы конушунун № 94 орто мектебинин окуучуларына “Интелектуалдык менчик” викторинасын өткөрүштү. МПТК тарабынан өткөрүлгөн бул иш-чаранын негизги максаты жаштар арасында интеллектуалдык менчиктин объектилери жөнүндө кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Викторинага 9-класстын окуучулары катышып алардын назарына “Китепканадагы китептин жолу” деген слайд сунушталды. Балдар китепканада окурмандын колуна тийгенге чейин китеп кандай жолду басып өтөрү, китепканада керектүү китепти же документти кантип табуу керектиги жөнүндө билишти. Балдар маалымат агынында туура багытын табууну үйрөнгөн соң, балдар изилдөө иштеринде жана өзүнчө билим алуу үчүн керектүү ыкмаларга ээ болушат. Андан кийин окуучулардын назарына “Интеллектуалдык менчик бүгүн жана эртең”, “Дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар” слайд-викториналары тартууланды. Балдар бүткүл дүйнөнү өзгөрткөн ойлоп табуулар, интеллектуалдык менчик объектилери, коомдун өнүгүүсүндө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө билишти, андан кийин викторинанын суроолоруна жооп беришти.

Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө мектептин директору Базаркулов Талантбек Асанкулович чоң көмөк көрсөттү.

Бул иш-чара 2017-2021 жылдарга Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын ишке ашырууга багытталды.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.