Кыргызпатентте БУУнун ЕЭК миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2016-жылдын 30-мартында Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиевдин Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) миссиясынын өкүлү Ральф Хайнрих баш болгон Кыргызстандын инновациялык өнүгүүсүнүн обзорун жазганы келген эл аралык эксперттер тобу менен жолугушуусу болуп өттү.

Эксперттер Кыргыз Республикасынын инновациялык иштери менен таанышты. Тараптар Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн инновациялык обзорунун долбоору кандайча ишке ашырылышы жана анын этаптары жөнүндө, ошондой эле бул долбоорго кызыкдар тараптар менен БУУнун ЕЭКтин өкүлдөрүнүн жолугушуу графигин талкуулашты. Ошентип, 2017-жылдын 30-мартынан баштап 7-апрелине чейин бир катар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, өкмөттүк эмес уюмдары жана бизнес коомдоштуктар менен жолугушууларды жана талкуулоолорду өткөрүү пландаштырылууда.

Бул долбоор БУУнун 2030-ж. чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Күн тартибинин алкагында КМШнын Казахстан, Армения, Тажикистан өлкөлөрүндө ишке ашып, Украина жана Беларусияда ишке ашырылууда.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.