Органикалык айыл чарба азык-түлүгүн өстүрүүнүн инновациялык технологиялары талкууланды

2017-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жарандык агартуу” коомдук фонду, JICA менен биргеликте “Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн инновациялык технологиялары. Жапон тажрыйбасы” темасындагы тегерек үстөл өткөрүштү.

Иш-чараны өткөрүү максаты органикалык айыл чарба продукцияларын өстүрүүдө инновациялык технологияларды өнүктүрүү, келечекте Кыргызстанда экологиялык айыл чарбаны өнүктүрүү маселелерин талкуулоо болуп саналат. Майды аз камтыган сүт жана эт продуктуларын жашылча жана жемиштерди, ата-мекендик өндүрүү үлүшүн жогорулатуу боюнча, ошондой эле калктын сапаттуу жана коопсуз азык түлүк продукциясы менен муктаждыгын камсыздоо боюнча ыңгайлүү шарттарды түзүү өтө маанилүү болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн ишине КР Улуттук илимдер академиясынын, Айыл чарба жана мелиорация министрилигинин, “Жарандык агартуу” КФсынын, JICAнын, КРында Органикалык дыйканчылыкты илгерилетүү, “Кыргыз-Швейцар банк” ЖАКсынын, “Агрардык платформа” КБсынын, Ecomade, “FSDS” КФсынын, “Чандра Гарденс” ЖЧКсынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана фермерлер катышышты.

Катышуучулар ушул сыяктуу жолугушууларды улантууну каалагандыктарын билдиришти жана Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн экспорттук багытынын өнүгүүсүнө үмүт артышты.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.