Кыргызпатентте Майкрософттун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасынын орун басары С. Байзаков Лицензиялык шайкештик жана программалык активдерди башкаруу кызматынын жетекчиси Н. Матасcова баш болгон Майкрософттун өкүлдөрү менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатент менен Майкрософт корпорациясынын бирге аракеттешүүлөрү жаңы лицензиялык эмес программалык продуктуларынын белгилерин табуу, анын ичинде сунуштар, материалдар, методикалык куралдарды иштеп чыгуу жана программалык камсыздоонун котрафактылык белгилерин аныктоо боюнча Кыргызпатенттин эксперттерин окутуу жаатында маселелер талкууланды. 2015-жылы Кыргызпатентке оптикалык алып жүрүү жана программалык камсыздоону изилдөөгө 80ден ашуун өтүнмө келип түшкөн, 2016-жылы болгону 5 өтүнмө, автордук жана чектеш укуктарынын белгилерин камтыгандыгы тууралуу 30 корутунду чыгарылган.

Жолугушууда тараптар программалык камсыздоонун укук ээлеринин укуктарынын бузулуулары жөнүндө административдик жана жазык иштерин изилдөөнүн өзгөчолүкторү боюнча укук коргоо органдарынын катышуусу менен биргелешкен тегерек үстөлдөрдү жана окутуу тренингдерди өткөрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Тараптар программалык камсыздоонун автордук укуктарын коргоо жана сактоо жаатында экитараптуу кызматташууну улантууну чечишти.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.