Кыргызпатенттин төрагасы ИМБДУнун башкы директору менен жолугушту

2017-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директору Фрэнсис Гарри менен жолугушту, ага Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев дагы катышты.

Жолугушууда тараптар мындан аркы интеллектуалдык менчик объектилерин түзүү боюнча дараметин бекемдөөгө багытталган кызматташууну тереңдетүү жана ИМБДУ менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Кыргызпатенттин төрагасы Кыргызстандын интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана Кыргызстан менен ИМБДУнун ортосундагы долбоорлорду ишке ишке ашырууга көмөктөшкөндүгү үчүн ИМБДУга ыраазычылыгын билдирди.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Досалы Эсеналиев Фрэнсис Гаррини Кыргызстанга келип ИМБДУ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө макулдашылган меморандумга кол коюуга чакырды.

Кыргызпатенттин төрагасы Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана фольклор боюнча өкмөттөр аралык комитеттин отуз үчүнчү сессиясына катышууда, ал 2017-жылдын 27-февралынан 3-мартына чейин өтөт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.