Окуучулар “Бирге ойлоп табабыз” китеп көргөзмөсүндө болушту

Окуп жаткан жаштарды ойлоп табуучулукка тартуу максатында, 2017-жылдын 6-10-февралында болуп өткөн Республикалык илим, техника жана балдар-жаштар чыгармачылык жумалыгынын алкагында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик техникалык китепкана (МПТК) тарабынан «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясында (РБИТА) «Бирге ойлоп табабыз» көргөзмөсү уюштурулду. Аталган иш-чара «Алтын түйүн» РБИТА менен биргеликте бир топ жылдан бери өткөрүлүүдө.

Китептердин, журналдардын, энциклопедиялардын беттеринде саякат жасоо менен окуучулар мыкты ойлоп табуулар, техниканын өнүгүүсү, укмуштуу ачылыштар жөнүндө жаңы нерселерди үйрөнүштү жана ар түрдүү суроолорго жооп алышты. Бул көргөзмөнүн материалдары окуучулар менен өспүрүмдөр арасында чоң кызыгууну пайда кылды. Көптөгөн балдар керектүү адабияттарды, өз алдынча окуп билим алуучу усулдуктарды таба алышты, өздөрүнүн ойлоп табуулары жөнүндө жигердүүлүк менен айтып башташты жана өтө чоң эстетикалык ырахат алышты.

Жыл сайын балдардын ойлоп табууларынын тизмеси көбөйүүдө, анткени кичинекей ойлоп табуучулар дүйнө жүзүндө жарым миллион эмеспи. Кыргызпатент мындан ары да ушундай багытта көргөзмөлөрдү уюштура бермекчи. Эгерде бул тизмени биздин жаш мекендештер толуктаса кубанычта болмокбуз.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.