Музейден көптү билесиң. Анткени анда ар бир кадам – доор.

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (МПТК) Кыргызстандагы музейлердин пайда болушунун тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүктөрү жөнүндө маалымат топтоо боюнча иш жүргүзүүдө. Маалыматтык материалдар МПТКнын каталогдук залындагы маалымат тактасында  жайгаштырылган. Көрсөтмөгө коюлган материалдын эпиграфы: “Музейден көптү  билесиң. Анткени анда ар бир кадам – доор” болуп саналат.

Окурмандын назарына Бишкек шаарынын үч музейинин: Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун Зоологиялык музейинин, борбор калабыз 65 жыл аталып жүргөн СССРдин мамлекеттик ишмери  М. В. Фрунзенин Кыргыз мамлекеттик  мемориалдык үй-музейинин, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү О. Мануйлованын мемориалдык үй-музейинин тарыхы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн. Жыл бою музейлер жөнүндө материалдар жаңыланып көрсөтүлмөкчү.

МПТКнын дареги: Бишкек шаары, Эркиндик пр-ти, 58-а

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.