Кыргызпатент окуучуларга китептин жолу жөнүндө айтып берди

2017-жылдын 25-январында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) кызматкерлери Бишкек шаарынын Энесай жаңы конушунун № 21 Энесай орто мектебинин окуучуларына “Бирге окуйбуз, бирге ойлоп табабыз” деген темада иш-чара өткөрүштү. Бул иш-чара 2017-2021-жылдарга интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга багытталган.

Иш-чаранын башталышында окуучулардын назарына “Китепканадагы китептин жолу” аталышындагы тасма көрсөтүлдү. Бул тасма китеп окурмандын колуна тийгенге чейин китепкананын бөлмөлөрүндө кандай жолдон өтө тургандыгы жөнүндө. Анда көп сандан турган китепкананын көлөмүнөн багытын жана керектүү китепти табуу тууралуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Интеллектуалдык менчик – бүгүн жана эртең” жана “Ааламды өзгөрткөн ачылыштар” деген аталыш менен слайддар камдалып, окуучуларга тартууланды.

Билим арттыруучу жолугушуу жакшы маанайда өтүп, окуучулардын кызыгуусун жаратты, маңыздуу суроо-жооптор талаш-тартыш менен талкууланды. Бул дагы да өсүп келе жаткан муундарга көңүл буруу менен алардын билими жогору болгон сайын ошончолук кайтарым болоорун тастыктайт.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга китептер жана эстеликке белектер тапшырылды. Кыргызпатент аталган мектеп мүдүрү Г. Умаровага жолугушууну техникалык жактан жогорку деңгээлде камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.