Кыргызпатентте стринг-арт техникасындагы сүрөт тарткан Азамат Жаналиев автордук укук объектилерине күбөлүктөрдү алды

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев стринг-арт техникасындагы автордук чыгармаларды жаратууда. Анын аткаруусунда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин, Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун, Чеченстандын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин портреттери жана башка сүрөттөр жаралган.

Ал өзүнүн ишинде мык, жип жана фанера колдонот. Анын айтуусу боюнча бир портретти жаратууга бир жумадай убакыт сарпталат. Жаналиев бул чыгармаларды жаратууда башка адамдардын автордук жана чектеш укуктары бузулбагандыгын белгилейт.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.