Кыргызпатеттин кызматкерлери Кыргызстандын ири машинакуруучу ишканасында болушту

2017-жылдын 11-январында “Автомаш-Радиатор” заводунун башкы директорунун кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер З.Х. Фуксмандын чакыруусу менен Кыргызпатенттин инновациялар жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ө. Козубаев жана инновация бөлүмүнүн адиси Н. Асанбеков заводдун ишмердиги менен таанышып келишти.

“Кыргызавтомаш” АКму машина куруу тармагындагы ири ишкана. Анда 560 киши эмгектенет. Заводдо 1987-жылы түзүлгөн ири инженердик техникалык борбор азыр да үзүрлүү иштеп келе жатат. Быйыл завод өзүнүн 70 жылдыгын белгилейт.

Азыр заводдо 200дөн ашуун аталыштагы жез жана латундан автомобильдер жана тракторлор үчүн жасалган радиоаторлор өндүрүлөт. Алардын 98% Россияга, Белоруссияга, Казакстанга ж.б. өлкөлөргө жөнөтүлөт. Азыр завод Россиянын 15, Белоруссиянын 8, Кытайдын 8 заводдору менен өнөктөштүк иш алып барат. Инновациялык жана жаңы өндүрүштүк технологиялык изденүүлөрдүн натыйжасында өндүрүлгөн радиаторлор Кыргызстандын 6, Россиянын 6 патенти менен корголгон.

2009-жылдан тартып Nocolok (Ноколок) технологиясы боюнча алюминийден жасалган радиаторлор чыгарыла баштагандыгына байланыштуу өндүрүштүн көлөмү жана радиаторлордун сапаты жогорулады. Азыр алюминий радиаторлордун 100 ашуун үлгүсү автомобильдерди жана айыл чарба техникаларын чыгарган “Минск автомобиль заводу – МАЗ”, “Минск трактор заводу – МТЗ”, “Челябинск трактор заводу – ЧТЗ”, “Ярославль мотор чыгаруучу заводу – Автодизель” ж.б. көптөгөн ири ишканаларга жөнөтүлөт.

Заводдо ушул күндө да сапаттуу иштеп жаткан советтик станоктор менен катар «Voss», «Sellacan Industrieofen GmbH», «Linde» ж.б. дүйнөдөгү белгилүү фирмалардын станоктору иштетилүүдө.

Заводдун техникалык директору Ю.Н. Владимиров инновациялык изденүүлөр бир гана өндүрүш процессинде эмес, эмгекти уюштуруу жана өндүрүштү башкаруу жаатында да тынымсыз жүрүп тургандыгын баса белгиледи. Алар туура тандоо, тартип, тазалык, туура стандартташтыруу, тынымсыз илгерилөө сыяктуу 5Т принцибине таянып жүргүзүлөт.

Заводдун ар айлык финансылык жүгүртүүсү 1,2 млн. АКШ долларын түзөт. Завод жылына 176,0 млн. сомду салык катары мамлекеттик бюджетке төгөт. Жолугушууда З.Х. Фуксман интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо боюнча ишти илгерилетүү жана патенттерди күчүндө кармоо сыяктуу маселелерди да көтөрдү.

Поделиться ссылкой:

Comments are closed.