Долбоор
«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-статья.
“Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттери, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча: “кыргызча же орусча” деген сөздөр бардык жөндөмөлөрдө “мамлекеттик же расмий” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 4-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Айырмалануучу жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогон же төмөндөгү гана элементтерден турган белгилерди товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:
1) белгилүү бир товардын түрүнүн белгиси катары жалпы колдонууга кирген;
2) белги катарында мындай терминдерди же символдорду пайдаланууга сунуштоо үчүн товарларга карата жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп эсептелүүчү;
3) товарлардын түрүнө, сапатына, санына, касиетине, арналышына, баалуулугуна, ошондой эле убактысына жана чыгарылган жерине, өндүрүшүнө жана сатылышына көрсөтүүчү.
Бул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер товардык белгинин корголбой турган элементтери катары киргизилиши мүмкүн, эгерде алар анын ичинде үстөмдүк кылуучу абалды ээлебесе.
Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана прибордук эн белгилери, мөөрлөрү, сыйлыктары жана айырмалоочу башка белгилери же аралашып кеткен деңгээлге чейин аларга окшош белгилери болуп эсептелүүчү элементтерден гана туруучу белгилерди товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт. Мындай элементтер товардык белгиге корголбой турган элементтер катары киргизилиши мүмкүн, эгерде буга, тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу бар болсо.
Товардык белги же алардын элементтеринин белгилери катары каттоого төмөндөгүлөргө жол берилбейт:
1) товарга же аны өндүрүүчүгө карата жалган же керектөөчүнү адаштырууга алып келүүгө жөндөмдүү болуп эсептелүүчүлөргө;
2) өз алдынча көрсөтүлгөн же Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдеринин күчү менен корголуучу винолордун же күчтүү спирттик ичимдиктердин чыгарылган жерлерине көрсөтмөлөрдү камтыгандарга, эгерде мындай белгилер көрсөтүлгөн жерлерде чыгарылбаган болсо, ошондой эле товардын чыныгы чыгарылган жерине формалдуу көрсөтүлгөн, бирок товардын башка аймактан чыга тургандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк бере турган винолор же күчтүү спирт ичимдиктерине арналган болсо;
3) коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук принциптерине жана моралга каршы келүүчүлөргө”.
3. 5-статьяда:
-биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “бирдей товарлар үчүн” деген сөздөр алынып салынсын;
-биринчи бөлүгүнүн 1) пунктундагы “ээ болгондор” деген сөздөр “жана ээ болгондор менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-биринчи бөлүгүнүн 3) пунктундагы: “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “бир түрдүү жана кыйла мурдараак артыкчылыкка ээ болгон товарларга карата ” деген сөздөр менен толукталсын;
-үчүнчү бөлүгүнүн 2) пунктундагы “корголбогон элемент” деген сөздөр “корголбогон элементтер” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 8-статьяда:
-экинчи бөлүгүндөгү “өтүнмөнүн материалдары” деген сөздөрдөн кийин “тийиштүү алым төлөнгөн шартта” деген сөздөр менен толукталсын.
5. 9-статьяда:
-бешинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнүүчүгө кабарлайт”.
-алтынчы бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Өтүнүүчүгө өтүнмөнүн алдын ала экспертизасынын оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо менен бир эле мезгилде ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүүнүн датасы билдирилет”.
6. 10-статьяда:
-төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын: “Өтүнүүчү тийиштүү алым төлөгөндө билдирилген белгинин мөнөтүнөн мурда экспертизасын жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу”. Муну менен билдирилген белгинин экспертизасы өтүнмө берилген датадан алты айдан кем эмес убакыттан кийин жүргүзүлөт”.
7. 12-статья толукталсын:
-төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен: “Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте көрсөтүлбөгөн учурда товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тийиштүү өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат.”
8. 13-статьяда:
-“үч айдын ичинде” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 14-статьяда:
-биринчи бөлүгүндөгү “үч ай өткөндөн кийин” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Төмөндөгүдөй мазмундагы 171 - жана 172 – статьялар менен толукталсын:
«171 – статья. Жалпыга белгилүү товардык белги
Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги деп, аны каттоонун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирүүчү эл аралык келишимине ылайык каттоосуз Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, ошондой эле товардык белги катарында пайдаланылып, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук корголбогон белги товардык белги деп таанылышы мүмкүн, эгерде товардык белгилер же белгилер аларды интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага Кыргыз Республикасында ушул адамдын товарына карата ылайыктуу керектөөчүлөрдүн арасында кеңири белгилүү болуп калган болсо.
Товардык белги же белгилер жалпыга белгилүү товардык белги деп тааныла албайт, эгерде алар бирдей товарларга карата пайдалануу үчүн арналган башка адамдын товардык белгисине окшош же алар менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош товардык белгинин артыкчылык алган датасынан кийин кеңири белгилүү болсо.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге, товардык белги үчүн ушул Мыйзам тарабынан караштырылган укуктук коргоо берилет.
Катталган товардык белгини жалпыга белгилүү товардык белги деп таанууда мындай жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылгандарга карата аларга окшош эмес товарларга дагы жайылтылат, мындай шартта: эгерде, көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгинин башка адам тарабынан пайдаланылышы керектөөчү менен укук ээси тарабынан ассоциациялана турган болсо жана анын мыйзамдык кызыкчылыктарын чектей турган болсо.
172-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо ушул Мыйзамдын
181-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.
Жалпыга белгилүү деп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү товардык белги Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана андагы көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү болгон маалыматтар товардык белги Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо аракети мөөнөтсүз”.
11. 26-статьяда:
-экинчи бөлүк алынып салынсын.
12. 30-статьяда:
- сегизинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнүүчүгө кабарлайт”.
- тогузунчу бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Өтүнүүчүгө өтүнмөнүн алдын ала экспертизасынын оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо менен бир эле мезгилде ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүүнүн датасы билдирилет”.
13. 32-статьяда:
-төртүнчү бөлүгүндөгү “үч айдын ичинде” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-бешинчи бөлүгүндөгү “үч ай өткөндөн кийин” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтомунун долбооруна жана “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтомунун долбооруна жана “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” долбоору интеллектуалдык менчик тармагында мыйзамдарды жакшыртуу максаттарында иштелип чыкты.
Сунушталган мыйзам долбоору интеллектуалдык менчик тармагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын колдонуу практикасын эсепке алуу менен редакциялык жана тактоо мүнөзүндөгү бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду караштырат.
Атап айтканда төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат:
1. Мыйзамдын бардык тексти боюнча: “кыргызча же орусча” деген сөздөр бардык жөндөмөлөрдө “мамлекеттик же расмий” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максаттарында сунушталат.
2. 4-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Айырмалануучу жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогон же төмөндөгү гана элементтерден турган белгилерди товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт:
1) Белгилүү бир товардын түрүнүн белгиси катары жалпы колдонууга кирген;
2) белги катарында мындай терминдерди же символдорду пайдаланууга сунуштоо үчүн товарларга карата жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп эсептелүүчү;
3) товарлардын түрүнө, сапатына, санына, касиетине, арналышына, баалуулугуна, ошондой эле убактысына жана чыгарылган жерине, өндүрүшүнө жана сатылышына көрсөтүүчү.
Бул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер товардык белгинин корголбой турган элементтери катары киргизилиши мүмкүн, эгерде алар анын ичинде үстөмдүк кылуучу абалды ээлебесе.
Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалар, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аталыштары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдик жана прибордук эн белгилери, мөөрлөрү, сыйлыктары жана айырмалоочу башка белгилери же аралашып кеткен деңгээлге чейин аларга окшош белгилери болуп эсептелүүчү элементтерден гана туруучу белгилерди товардык белгилер катарында каттоого жол берилбейт. Мындай элементтер товардык белгиге корголбой турган элементтер катары киргизилиши мүмкүн, эгерде буга, тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу бар болсо.
Товардык белги же алардын элементтеринин белгилери катары каттоого төмөндөгүлөргө жол берилбейт:
1) Товарга же аны өндүрүүчүгө карата жалган же керектөөчүнү адаштырууга алып келүүгө жөндөмдүү болуп эсептелүүчүлөргө;
2) Өз алдынча көрсөтүлгөн же Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдеринин күчү менен корголуучу винолордун же күчтүү спирттик ичимдиктердин чыгарылган жерлерине көрсөтмөлөрдү камтыгандарга, эгерде мындай белгилер көрсөтүлгөн жерлерде чыгарылбаган болсо, ошондой эле товардын чыныгы чыгарылган жерине формалдуу көрсөтүлгөн, бирок товардын башка аймактан чыга тургандыгы жөнүндө жаңылыш түшүнүк бере турган винолор же күчтүү спирт ичимдиктерине арналган болсо;
2) Коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук принциптерине жана моралга каршы келүүчүлөргө”.
Сунушталган жаңы редакция статьянын мурдагы редакциясынын маанисин өзгөртпөстөн, өзүнчө бүткөн блоктор түрүндө товардык белгини каттоодон баш тартуу үчүн абсолюттук негиздерди баяндоого мүмкүндүк берет. Блоктордун ар бири ушул блокко киргизилген белгилүү бир түрдөгү товардык белгилерди каттоого талаптардын спецификасын кыйла даана чагылдырууга мүмкүндүк берет.
3. 5-статьяда:
-биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “бирдей товарлар үчүн” деген сөздөр алынып салынсын;
-биринчи бөлүгүнүн 1) пунктундагы “ээ болгондор” деген сөздөр “ээ болгондор менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-биринчи бөлүгүнүн 3) пунктундагы: “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “бирдей жана кыйла мурдараак артыкчылык алган товарларга карата” деген сөздөр менен толукталсын;
-үчүнчү бөлүгүнүн 2) пунктундагы “корголбогон элемент” деген сөздөр “корголбогон элементтер” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Өзгөртүүлөр редакциялык мүнөздө болду, кайталоолор четтетилди, грамматикалык оңдоолор киргизилди.
4. 8-статьяда:
-экинчи бөлүгүндөгү “өтүнмөнүн материалдары” деген сөздөрдөн кийин “ылайыктуу алым төлөнгөн шартта” деген сөздөр менен толукталсын.
Өтүнмөнүн материалдарын тактоо жана оңдоо үчүн ылайыктуу алым төлөөнүн шарттары өнөржай менчиги объектилерин патенттөө үчүн алымдар жөнүндө Жобо тарабынан караштырылган. Мыйзамга кошумча тактоо мүнөзүндө болду.
5. 9-статьяда:
-бешинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнүүчүгө кабарлайт”.
-алтынчы бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Өтүнүүчүгө өтүнмөнүн алдын ала экспертизасынын оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо менен бир эле мезгилде ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык аныкталган өтүнмө берүүнүн датасы билдирилет”.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Сунушталган редакция статьялардын мурдагы редакциясынын маанисин өзгөртпөстөн өтүнүүчү алдын ала экспертизаны жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө кабардар боло тургандыгы жөнүндөгү тактоочу абалды баяндоого мүмкүндүк берет.
6. 10-статьяда:
-төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын: “Өтүнүүчү ылайыктуу алым төлөгөн учурда билдирилген белгинин тездетилген экспертизасын жүргүзүү жөнүндө жолдомо берүүгө укуктуу”. Муну менен билдирилген белгинин экспертизасы өтүнмө берилген датадан алты айдан кем эмес убакыттан кийин жүргүзүлөт”.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Ылайыктуу алым төлөнгөн учурда билдирилген белгинин тездетилген экспертизасын жүргүзүү жөнүндө жолдомо берүүгө өтүнүүчүгө кошумча укук берилет.
7. 12-статья толукталсын:
-төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен: “Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана ага күбөлүк берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген тартипте көрсөтүлбөгөн учурда товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, ылайыктуу өтүнмө чакыртылып алынды деп таанылат.”
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ көрсөтүлбөгөн учурда товардык белгини каттоо жүргүзүлбөй тургандыгы жөнүндө билдирүүчү кабардар болот.
8. 13-статьяда:
-“үч айдын ичинде” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Азыркы мезгилде товардык белгини каттоого тиешелүү маалыматтар жана Реестрге киргизилген өзгөртүүлөр Реестрге маалыматтар киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Мамлеккеттик патент кызматы тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.
9. 14-статьяда:
-биринчи бөлүгүндөгү “үч ай өткөндөн кийин” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Азыркы мезгилде товардык белгиге күбөлүк берүү расмий бюллетенде товардык белги жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
10. төмөндөгүдөй мазмундагы 171 - жана 172 – статьялар менен толукталсын:
Статья 171 . Жалпыга белгилүү товардык белги.
Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги деп, аны каттоонун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирүүчү эл аралык келишимине ылайык каттоосуз Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, ошондой эле, товардык белги катарында пайдаланылып, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу жок болгон белги товардык белги деп таанылышы мүмкүн, эгерде товардык белгилер же белгилер аларды интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага Кыргыз Республикасында ушул адамдын товарына карата ылайыктуу керектөөчүлөрдүн арасында кеңири белгилүү болуп калган болсо.
Товардык белги же белгилер жалпыга белгилүү товардык белги деп тааныла албайт, эгерде алар бирдей товарларга карата пайдалануу үчүн арналган башка адамдын товардык белгисине окшош же алар менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош товардык белгинин артыкчылык алган датасынан кийин кеңири белгилүү болсо.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге, товардык белги үчүн ушул Мыйзам тарабынан караштырылган укуктук коргоо берилет.
Катталган товардык белгини жалпыга белгилүү товардык белги деп таанууда мындай жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, ошондой эле жалпыга белгилүү деп таанылгандарга карата аларга окшош эмес товарларга дагы жайылтылат, мындай шартта: эгерде, көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгинин башка адам тарабынан пайдаланылышы керектөөчү менен укук ээси тарабынан ассоциациялана турган болсо жана анын мыйзамдык кызыкчылыктарын чектей турган болсо.
172-статья. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 181-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.
Жалпыга белгилүү деп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк берүү товардык белги Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан жүзөгө ашырылат. Күбөлүктүн формасы жана андагы көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
Жалпыга белгилүү товардык белгиге тиешелүү болгон маалыматтар товардык белги Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо аракети мөөнөтсүз”.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Кошумча, азыркы мезгилде колдонулуп жаткан “Кыргыз Республикасындагы жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жобонун” ченемдери баштан аяк кайра иштеп чыгууну талап кылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын КМШ мамлекеттеринин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында киргизилди.
11. 26-статьяда:
-экинчи бөлүк алынып салынсын.
Ченемдерди алып таштоо зарылдыгы практикадан келип чыгат. 26-статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген ченем ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн ченемине карама-каршы келет.
Ошентип, Мыйзамдын 26-статьясынын биринчи бөлүгүнүн ченемине ылайык, белгилүү бир учурларда товардык белгини каттоо аракети токтотулат, ал Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин Мамлекеттик реестринен чыгарылат. Бирок, экспертиза жүргүзүү учурунда 26-статьянын экинчи бөлүгүнүн ченеми экспертти пайдаланылбаган товардык белгилерди б.а. Кыргыз Республикасынын аймагында корголбогон товарларды эске алууга милдеттендирет.
12. 30-статьяда:
-сегизинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнүүчүгө кабарлайт”.
-тогузунчу бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Өтүнүүчүгө өтүнмөнүн алдын ала экспертизасынын оң натыйжасы жөнүндө кабарлоо менен бир эле мезгилде ушул Мыйзамдын 29-статьясынын 6-бөлүгүнө ылайык аныкталган өтүнмө берүүнүн датасы билдирилет”.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Сунушталган редакция статьянын мурдагы редакциясынын маанисин өзгөртпөстөн алдын ала экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө өтүнүүчү кабардар боло тургандыгы жөнүндө тактоо абалын баяндоого мүмкүндүк берет.
13. 32-статьяда:
-төртүнчү бөлүгүндөгү “үч айдын ичинде” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Азыркы мезгилде каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү маалыматтар жана Реестрге киргизилген өзгөртүүлөр Реестрге алар киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматы тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.
-бешинчи бөлүгүндөгү “үч ай өткөндөн кийин” деген сөздөр “бир айдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы практикадан улам келип чыгат. Азыркы мезгилде күбөлүк берүү расмий бюллетенде маалыматтар жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын министирликтери жана ведомстволору менен макулдашуунун жүрүшүдө Кыргыз Республикасынын юстиция министирлиги тарабынан эскертүүлөр сунуш кылынып, алар айрымдары эске алынды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтомунун долбоорун жана “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” долбоорун карап чыгууга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик патент кызматынын директору У. Мелисбек
