• Кыргызча
  • Русский
«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору

Долбоор

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-статья.
«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:
статьянын аталышындагы «жана эл аралык келишимдер» деген сөздөр алынып салынсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинен, бул Мыйзамдан, «Электрондук эсептөө машиналар үчүн программаларды жана маалымат базаларын укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана ушул Мыйзамга ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.».

2. 4-статья төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:

«укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат – ушул Мыйзам менен корголуучу чыгарманы же чектеш укуктар объектилерин, авторду, чектеш укуктар ээсин же кайсы болбосун башка укук ээсин идентификациялоочу укук ээлери тарабынан берилген кандай болбосун маалымат же чыгарманын нускасында же чектеш укуктар объектисинде камтылган чектеш укуктар объектисин пайдалануу шарттары жөнүндө маалымат аларга тиркелген же ушундай чыгарманы же чектеш укуктар объектисин, ошондой эле ушундай маалымат камтылган кандай болбосун сандар жана коддор жалпыга маалымдоого билдирүүгө байланыштуу пайда болот;»;

«автордук укук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары – ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармаларга же чектеш укуктар объектилерине карата авторлор, чектеш укуктар ээлери же өзгөчө укуктун башка ээлери тарабынан уруксат берилбеген чыгармаларга же чектеш укуктар объектилерине мүмкүнчүлүк алууну контролдоочу, аракет көрүүнү алдын алуучу же чектөөчү кандай болбосун үзүрлүү техникалык түзүлүштөр же алардын курамчалары;».

3. 5-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук төмөнкүлөргө жайылтылат:
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга жарыяланган же жалпыга жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында кандайдыр-бир объективдүү түрдө болгон чыгармаларга жана жарандыгына карабастан авторлору (алардын укук мураскору) болуп таанылат;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жалпыга жарыяланган же жалпыга жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр-бир объективдүү түрдө болгон чыгармаларга жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелинип автор (алардын укук мураскору) болуп таанылат;
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жалпыга жарыяланган же жалпыга жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр-бир объективдүү түрдө болгон чыгармаларга жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык башка мамлекеттердин жарандары тарабынан - автор (алардын укук мураскору) болуп таанылат.»;

2-пункттагы «эсептелинет» деген сөздөн кийин «биринчи жолу» деген сөздөр менен толукталсын.

4. 6-статьяда:

5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларына автордук укук аны жараткан фактынын күчүндө келип чыгат. Автордук укуктун келип чыгышы жана ишке ашыруу үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка формалдуулуктарды талап кылбайт.»;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«Чыгармага автордук укук андагы чыгарма берилген материалдык объектиге болгон менчик укугу менен байланыштуу эмес.
Кандайдыр-бир материалдык объектиге менчик укугун же ээлик кылуу укугун берүү өз алдынча ушул объектиде чагылдырылган чыгармага кандайдыр-бир автордук укукту берүүгө алып барбайт.».

6. 7-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
«ЭЭМ үчүн программалар адабий чыгармалар катары корголот. Мындай коргоо баштапкы текст жана объекттик кодду кошкондо, кайсы тилде жана кандай түрдө берилбесин, бардык колдонмо программаларды жана операциялык системаларды кошкондо, программалардын бардык түрүнө жайылтылат»;

экинчи жана үчүнчү бөлүктөр ылайыгына карата үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр деп эсептелинсин.

7. 9-статьяда:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Автор жалпыга жарыяланбаган жеке мүлктүк эмес укуктарын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле укук ээси чыгармага өзгөчө мүлктүк укукка ээ болгондугун тастыктоо үчүн автордук укукту коргоонун же тийиштүү келишимдердин күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде кайсы гана убакытта болбосун аларды расмий реестрлерде каттоого укуктуу. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылат.
Чыгарманы каттоого жана реестрге киргизилгендерге байланыштуу маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча Кыргызпатенттин расмий басылмаларына жарыяланат. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча Кыргызпатент тарабынан белгиленет. Каттоо жана жарыялоо үчүн каттоо жана жарылоо үчүн сарпталган каражаттардын наркынын өлчөмүндө алынат».

статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«Качан жеке жак өзүн жалпыга жарыяланбаган чыгарманын колжазмасынын автору деп эсептеген учурда, жөнсүз пайдаланууну же ээлеп алууну болтурбоо максатында аны сактоого өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, анда Кыргызпатент колжазманы кабыл алууга милдеттүү, колжазманы өткөргөн жакка аны кабыл алган күнү тууралуу маалымкат берилет.
Колжазманы өткөрүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргызпатент тарабынан белгиленет».

8. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«Авторлоштордун ар бири өз атынан жана башка авторлоштордун макулдугун албастан анын укугун коргоого байланыштуу чараларды көрүүгө укуктуу.».

9. 13-статьяда:
1-пункттагы бешинчи жана алтынчы абзац алынып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Өз чыгармаларын аудиовизуалдык чыгармага киргизүүгө макулдугун берген ушундай чыгармалардын авторлору аудиовизуалдык чыгармаларды пайдаланууга тыюу салууга же чектөөгө укуксуз.».

10. 14-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
«Өз чыгармаларын аудиовизуалдык чыгармага киргизүүгө макулдугун берген ушундай чыгармалардын авторлору аудиовизуалдык чыгармаларды пайдаланууга тыюу салууга же чектөөгө укуксуз.».

11. 16-статьянын:
2-пунктунун:
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы төмөнкүдөй билдирүү, мында кайсы болбосун жак ага өз тандоосу боюнча (жалпыга маалымдоого жеткирүү үчүн укугу) кайсы жерден болбосун жана кайсы убакта болбосун интерактивдүү режимде мүмкүнчүлүк алат»;

3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Ушул пункттун экинчи бөлүгүнүн жоболору төмөнкүлөргө колдонулбайт:
ЭЭМ программалары же маалымат базаларына карата, эгер ЭЭМ үчүн программанын өзү же маалымат базасы кирекананын негизги объекти болуп эсептелбесе;
аудиовизуалдык чыгармаларга карата, эгер алардын киреканасы кайта чыгаруунун өзгөчө укугуна олуттуу зыян келтирген ушундай чыгармаларды кеңири көчүрмөлөөгө алып келбесе.».

4-пункттагы «Өлчөмү жана тартиби» деген сөздөрдүн алды төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
«Автор чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сыйакы алууга укугу бар.».

12. 18-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«жалпыга маалымдоо үчүн жеткирилген кайсы болбосун чыгарманын уруксат берилбеген кайта чыгарууну;
чыгарманы нормалдуу пайдаланууга зыян келтирген жана негизделбеген түрдө автордун мыйзамдык кызыкчылыктарын чектеген кайсы болбосун башка чыгарманы».

12. 20-статьяда:
13. статьянын аталышы төмөнкүдөй берилсин:
«Китепканалардын, архивдердин жана билим берүү мекемелеринин чыгармаларды пайдалануусу»;

биринчи абзац 1-пункт болуп эсептелинсин;

1-пункттун 1-пунктчасы «, эгер ушундай нусканы кадимки шартта башка жол менен алуу мүмкүн болбосо»;

статья 2-пункт менен толукталсын:
«Жарандык жүгүртүүгө мыйзамдуу жол менен киргизилген чыгармалардын нускаларын китепканалардын убактылуу кайтаруусуз пайдаланууга берүү автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөөсү ишке ашырылат. Мында санарип түрүндө билдирилген чыгармалардын нускалары, анын ичинде китепканалык ресурстарды өз ара пайдалануу тартибинде берилген чыгармалардын ресурстары ушул чыгармалардын көчүрмөлөрүн санарип түрүндө чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чыгаруу шартында китепканалардын имараттарында гана убактылуу пайдаланууга берилет.».

14. 26-статьянын 2-пункту:

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Жабдуулардын жана материалдык алып жүрүүчүлөрдүн тизмеси, ошондой эле тийиштүү каражаттарды чогултуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.»;

экинчи абзац үчүнчү абзац деп эсептелинсин;

акыркы абзац алынып салынсын.

15. 36-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«Укук берүү жөнүндө аткаруучунун келишимдерине жана фонограммаларды жаздыруучуларга эгер берилүүчү укуктардын негизинен башкалары келип чыкпаса, ушул Автордук укук жөнүндө мыйзамдын жоболору колдонулат.».

16. 37-статьянын:

2-пунктунун:

6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«жалпыга маалымдоо үчүн аткаруунун же оюндун жазуусун төмөнкүдөй билдирүү керек, мында кайсы болбосун жак ага өз тандоосу боюнча (жалпыга маалымдоого жеткирүү үчүн укугу) кайсы жерден болбосун жана кайсы убакта болбосун интерактивдүү режимде мүмкүнчүлүк алат;»;

төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
«7) фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасын же нускаларын сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жайылтылат. Эгер фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасы же нускалары сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жарандык жүгүртүүгө укуктуу киргизилсе, аткаруучунун макулдугусуз жана сыйакыны төлөтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында мындан ары жайылтылат.»;

6-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«мында аткаруучу аудиовизуалдык чыгарманын киреканасы үчүн сыйакы алууга укугун сактайт.».

17. 38-статьянын:

2-пунктунун:

1-пунктчасы «, түз же кыйыр түрдө» деген сөздөр менен толукталсын,

5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«жалпыга маалымдоо үчүн аткаруунун же оюндун жазуусун төмөнкүдөй билдирүү керек, мында кайсы болбосун жак ага өз тандоосу боюнча (жалпыга маалымдоого жеткирүү үчүн укугу) кайсы жерден болбосун жана кайсы убакта болбосун интерактивдүү режимде мүмкүнчүлүк алат;»;

төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) эфирге же кабель боюнча фонограмманы берүү».
18. 39-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи бөлүгүнүн максаты үчүн жалпыга маалымдоо үчүн жеткирилген фонограммалар коммерциялык максатта жарыялангандарга теңештирилет».

19. 40-статьянын 2-пункттун 5-пунктчасындагы «акы төлөнүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана акы төлөнбөгөн» деген сөздөр менен толукталсын.

20. 41-статьянын 2-пункттун 5-пунктчасындагы «акы төлөнүүчү» деген сөздөрдөн кийин «жана акы төлөнбөгөн» деген сөздөр менен толукталсын.

21. 45-статьяда :

статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
«Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдун ишмердүүлүгүн жетектөөнү мүлктүк укуктарын ал башкаруучу автордук жана чектеш укуктар ээлери ишке ашырат. Сыйакынын өлчөмүнө байланыштуу чечимди кабыл алуу жана пайдалануучулар менен лицензиялык келишимди түзүүнүн шарттары, чогултулган автордук сыйакыны бөлүштүрүү жана төлөп берүү ыкмасы жана ушул уюмдун ишмердүүлүгүнүн башка принципиалдуу маселелери жалпы чогулушта коллегиалдуу автордук жана чектеш укуктардын ээлери тарабынан гана ишке ашырылат.»;

2 жана 3-пункттар ылайыгына карата 3 жана 4-пункттар деп эсептелинсин;

3-пункттун:

акыркы сүйлөмү экинчи абзац болуп эсептелинсин;

экинчи-төртүнчү абзацтар ылайыгына карата үчүнчү-бешинчи абзацтар болуп эсептелинсин.

22. 47-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдун ушул главанын талаптарын сактабаган учурда, Кыргызпатент ушундай уюмдан акылдуулук менен белгиленген мөөнөттүн ичинде кетирилген бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу. Кетирилген бузуулар четтетилбегенде Кыргызпатент белгиленген тартипте ушул уюмду жоюуну талап кылууга укуктуу.»;

3-пункт 4-пункт болуп эсептелинсин.

23. 48-статьяда:

биринчи абзац 1-пункт болуп эсептелинсин;

төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-пункттар менен толукталсын:
«2. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу болуп ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарын четтеп өтүүгө багытталган аракеттерди кылуу эсептелинет.
Ушундай эле жоопкерчилик даярдап чыгарууда, импорттоодо, жайылтууда (сатуу, киреге берүү), убактылуу кайтаруусуз пайдаланууга берүүдө, кайсы-болбосун түзүлүштү же анын компоненттерин жарнамалоодо, коммерциялык максат үчүн кайсы-болбосун түзүлүш же анын компоненттерине ээлик кылууда жана тейлөө кызматын көрсөтүүдө болот:
а) автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарын четтеп өтүү максатында сатуу үчүн жарнама берилет же сунуш кылынат;
в) башталышында автордук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттарын четтеп өтүүгө мүмкүнчүлүк же жеңилдетүү берүү максатында арналган, ыңгайлаштырылган же аткарылган;
3. Ушул статьянын 1-пункту менен белгиленген жоопкерчилик төмөндө көрсөтүлгөн кайсы-болбосун аракеттердин ишке ашырууда келип чыгат, эгер ушундай аракеттерди кылуу менен жак алардын аракеттери автордук же чектеш укуктарды бузууга түрткү, мүмкүнчүлүк, көмөк бергенин же жашыргандыгын билсе же билиши керек болсо:
а) автордук жана чектеш укуктарды башкаруу жөнүндө маалыматты уруксатсыз четке кагуу же өзгөртүү;
б) ушул Мыйзам менен корголуучу чыгармаларды жана башка объектилерди интерактивдүү пайдалануу үчүн жайылтуу, жайылтуу максатында импорттоо, жалпыга билдирүү, жалпыга маалымдоо үчүн жеткирүү, аларга укук ээсинин уруксатысыз автордук жана чектеш укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат четтетилген.
4. Ушул статьянын 2 жана 3-пунктунун жоболору ушул статьяда аталган аракеттерди кылуунун натыйжасында автордук же чектеш укуктар дагы кандайдыр-бир түрдө бузулгандыгына карабастан колдонулат».

24. 49-статьянын:

1-пунктунун 4-пунктчасы «, кетирилген пайданы кошкондо» деген сөздөр менен толукталсын»;

2-пункттагы «чектеш укуктардын» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу алардын уюмдар,» деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«48-статьянын 2 жана 3-пунктттарында көрсөтүлгөн аларга карата аракеттер кылынган чыгармалардын же чектеш укуктар объектинин кандай болбосун нускалары ошондой эле контрафактуу болуп эсептелинет».

2-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын
 Президенти

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
 МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Автордук укук боюнча Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен келишимди жана Аткаруулар жана фонограммалар боюнча ИМБДУнун келишимди ратификациялоодо алган милдеттемелерин ишке ашыруу максатында даярдалды. ИМБДУнун көрсөтүлгөн келишимдери авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма жазуучулардын, маалыматтык технологияларды жана Интернетти өнүктүрүүгө байланыштуу эфирдик жана кабелдик көрсөтүү уюмдардын жаңы ыйгарым укуктарын бекемдейт.
Жогоруда аталган «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна байланыштуу интерактивдүү режимде чыгармаларды же чектеш укуктар объектисин билдирүү сыяктуу ыйгарым укуктар киргизилди. Мындан тышкары, укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат жана автордук укук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары сыяктуу терминдер киргизилүүдө.
Ошондой эле «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына туура түшүнүк берүүгө жана үзүрдүү колдонууга өбөлгө түзө турган аныктоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору карап чыгууга жиберилет.

Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик патент кызматынын
директору У. Мелисбек